Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Орусиядагы шайлоого карата Кыргызстанда алты добушкана ачылды


Орусиянын президенттик шайлоосуна карата Ошто ачылган добушкана
Орусиянын президенттик шайлоосуна карата Ошто ачылган добушкана

Орусиянын президентин шайлоого байланыштуу Кыргызстанда алты добушкана ачылды. Алар Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында жайгашкан. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында Орусиянын 20 миң жараны консулдуктун каттоосунда турат. Алар саат 08:00дөн 20:00гө чейин добуш бере алышат.

Орусияда президенттикке сегиз адам талапкерлигин койгон. Талапкерлер арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Кыргызстандан орус президентинин шайлоосуна 56 байкоочу көз салат. Алардын ичинен 13ү шайлоо жараянына байкоону Кыргызстандан жүргүзөт.

Орусияда 2012-жылы өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстандагы орус элчилигинин шайлоо участокторуна 12 миңдей киши келип добуш берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG