Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Президент Жээнбеков Кытай төрагасын куттуктады


Кытайдын төрагасы Си Цзинпин.
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди кайрадан төрагалыкка шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Куттуктоо телеграммасында Жээнбеков Кыргызстан Кытай менен эки тараптуу жана эл аралык деңгээлде достукка, стратегиялык кызматташтыкка маани берээрин белгилеген.

Кытай Коммунисттик партиясынын башкы катчысы Си Цзинпин өлкөнүн төрагасы болуп кайрадан шайланган. Анын талапкерлигин Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйынынын 2970 мүчөсү бир добуштан колдогон.

Буга чейин Кытайда Си Цзинпиндин бийликте белгисиз мөөнөткө же өмүр бою калышына жол ачкан өзгөртүү Конституцияга киргизилген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG