Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

“Караван” соода борбору менчиктештирилет


Мурдагы депутат Нариман Түлеевге таандык болуп, кийин мамлекетке алынган Бишкектеги “Караван” соода борбору менчиктештирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган борбор менчиктештирилчү объекттердин тизмесине киргизилди. Бул тизмеге ылайык соода борбор мыйзамдын негизинде сатыкка чыгарылат.

Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан "Караван" соода комплекси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына былтыр өткөрүлгөн. Буга Нариман Түлеев коррупциялык иштерге күнөөлүү деп табылган соң сот ага жана жакындарына таандык бир нече имаратты мамлекеттин карамагына чегерүү боюнча сот чечими негиз болгон. Бирок Нариман Түлеев аталган объекттер мамлекетке мыйзам бузуу менен алынганын айтып келет.

Бул соода борбордон башка да Түлеевге таандык делген Бишкектеги Sapat Center бизнес-борбору жана бир нече батир мамлекетке алынган.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген деп соттолгон.

11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG