Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Бишкек-Ош жолу күндүз убактылуу ачылды


Бишкек-Ош жолундагы кыймылга кечки саат 21:00гө чейин убактылуу уруксат берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү коркунучунан улам, ошондой эле аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу 17-марттан тарта саат 21:00дөн таңкы 06:00га кыймылга тыюу салынган эле. Мындай чектөө 20-мартка чейин уланат.

Ушундан улам министрлик жарандарды түнкүсүн сапарга чыкпоого чакырып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG