Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:22

Ирандын мурдагы вице-президенти кармалды

Эсфандиар Рахим Машаи.
Эсфандиар Рахим Машаи.

Иранда мурдагы президент Махмуд Ахмединежаддын жакын саясий өнөгү, мурдагы вице-президент Эсфандиар Рахим Машаи кармалды. Бул тууралуу Тегерандын прокурорунун сайты кабарлады. Маалыматка караганда, Машаини соттун чечиминин негизинде полиция кармады. Мындан башка кененирээк маалымат берилген жок.

Эсфандиар Рахим Машаи 2009-жылы Махмуд Ахмединежад экинчи жолу президенттикке шайланган соң вице-президенттик кызматты ээлеген.

Машаи 15-мартта тараган видео тасмадан кийин кармалды. Анда Машаи дагы бир мурдагы вице-президент Хамид Багаинин кармалышына каршы Британиянын Тегерандагы элчилигинин алдында өткөн акцияга катышып жүргөнүн көрүүгө болот.

Махмуд Ахмединежад президент болуп турган учурда вице-президенттикти аркалаган Хамид Багаи былтыр коррупцияга шектелип камакка алынган эле.

XS
SM
MD
LG