Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:34

Бишкек: Орус элчилигинин алдында кезек пайда болду


Орусиядагы шайлоо: Бишкекте добуш берчүлөрдүн кезеги узун
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында президентти шайлоого добуш берүүгө келгендердин узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу жеринен “Азаттыктын” кабарчылары маалымдашты.

Добуш берүүгө келгендер Манас көчөсүн бойлой кезекте турушат. Ушундай эле кезек күтүүлөр эртең менен Ош шаарында байкалган.

Орусиянын президентин шайлоого байланыштуу Кыргызстанда алты добушкана ачылган. Алар Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында жайгашкан. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында Орусиянын 20 миң жараны консулдуктун каттоосунда турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG