Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Британ министри Орусиянын жообун “маңызсыз” деп атады


Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон.
Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Орусиянын британ дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечимин “маңызсыз” деп атады. Жонсон мындай чаранын кедергеси карапайым орусиялыктарга тие турганын эскертти.

“Бул пайдасыз чаралар карапайым орусиялыктарга гана сокку урат. Анткени алардын англис тилин үйрөнүү жана виза алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат”,-деп айтты Борис Жонсон The Sun гезитине.

14-мартта Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Солсбери шаарында жашаган мурдагы тыңчы Сергей Скрипал жана кызын ууландырууга байланыштуу 24 орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин жарыялаган. Лондон Скрипалды ууландырууга Москванын тиешеси бар деп күнөөлөп жатат.

Британиянын мындай чарасына жооп кылып, орус бийлиги 23 британ дипломаты өлкөдөн чыгарыларын 17-мартта билдирген.

XS
SM
MD
LG