Түркия колдогон Сирия оппозиция күчтөрү Африн шаарын ээлегени кабарлады. Бул шаарды күрт күчтөрүнөн бошотуу операциясы эки айдан бери уланып жаткан эле.
Анкара Африн аймагындагы күрт күчтөрүн Түркиянын ичиндеги күрт козголоңчулары менен байланыштырып, коопсуздугуна коркунуч келтирет деп билдирип келген. Мындан улам кошуундарга каршы “Зайтун бутагы” деген аскерий операцияны Түркия январдын соңунда баштаган эле. Акыркы убакта шаар толук курчоого алынганы кабарланган.
18-мартта Түркиядагы “Доган” маалымат агенттиги түрк армиясы колдогон Сирия оппозициянын күчтөрү Афринге кирип, көзөмөлдү колуна алганын маалымдады.
Сириядагы адам укуктарына байкоо салган обсерватория акыркы учурда Афринден миңдеген адамдар үй-жайын таштап чыгып кетишкенин билдирип келет. Афринде жалпысынан 350 миңдей адам жашачу.