Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Украина орус жарандарына шайлоого катышууга уруксат берген жок


Орусиядагы шайлоого каршы Киевде нааразылык акциясына чыккандар.
Орусиядагы шайлоого каршы Киевде нааразылык акциясына чыккандар.

Украин полициясы Орусиянын Киевдеги элчилигинин жана Одесса, Львов, Харьков шаарларындагы консулдуктарынын айланасында коопсуздук чараларын күчөтүп, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү добушканаларга орус дипломаттарын гана киргизип жатат.

Украинанын полициясы менен Улуттук гвардиясынын өкүлдөрү Львовдогу орус консулдугунун кызматкерлерин тизме менен гана добушканага киргизип жатканын, калган орус жарандары добуш бере албай жатканын "РИА Новости" кабарлады. Одессада да полиция Орусиянын консулдугунун кире беришин тороп турганы белгилүү болду.

Орусиянын Украинадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына жергиликтүү улутчул уюмдардын өкүлдөрү да чогулушуп, "Украинада Путиндин шайлоосуна жол жок" деген плакаттарды көтөрүп турушат.

Украин өкмөтү Орусиянын Крым жарым аралында да шайлоо өткөрүшүнө каршылык иретинде Украинанын аймагында орус дипломаттарына гана шайлоого катышуу уруксат берерин 16-мартта билдирген.

Орусия украин бийлигинин бул чечимин эл аралык нормаларды бузган аракет деп баалаган.

XS
SM
MD
LG