Франция Орусиянын Крым жарым аралында президенттик шайлоо өткөргөнүн сынга алды. Француз Тышкы иштер министрлиги 18-марттагы билдирүүсүндө Москва Крымды "мыйзамсыз аннексиялаганын", "чек араларды күч менен бузуу эл аралык нормаларга каршы келээрин" эскертти.
Жекшембиде Украинанын бийлиги да Крымда шайлоо өтүп жатканына каршылык иретинде өз аймагында орус жарандарына шайлоого катышууга уруксат берген жок. Украин полициясы Орусиянын Киевдеги элчилигинин жана Одесса, Львов, Харьков шаарларындагы консулдуктарынын айланасында коопсуздук чараларын күчөтүп, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү добушканаларга орус дипломаттарын гана киргизип жатат. Орусия украин бийлигинин бул чечимин эл аралык нормаларды бузган аракет деп баалаган.
2014-жылы Орусиянын карамагына өткөн Крымдын тургундары бүгүн биринчи жолу орус шайлоосунда добуш берип жатышат. Украина бир күн мурда БУУнун баш катчысына жана уюм мүчөлөрүнө Крым жана Севастополдо Орусиянын президентинин шайлоосун өткөрүүгө каршылыгы боюнча расмий кат жолдогон. Катта Украинанын Тышкы иштер министрлигинин жана Жогорку Радасынын Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү боюнча билдирүүсү камтылган.