Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Жалал-Абад мэриясында орус президентин шайлоо өттү


Орусиянын Бишкектеги элчилиги. 18-март, 2018-жыл.
Орусиянын Бишкектеги элчилиги. 18-март, 2018-жыл.

Жалал-Абад шаардык мэриясында бүгүн Орусиянын президентин шайлоо өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин аппарат жетекчиси Барчынбек Жантөрөев "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, Орусиянын Ош шаарында жайгашкан консулдугунун өтүнүчү менен уюштурулган шайлоодо Жалал-Абаддагы орус жарандыгы барлар добуш берди. Ал жакта шайлоо аяктап, алдын ала маалымат боюнча ага 200-300дөй киши катышты:

- Үкөктөрдү биздин көзүбүзчө ачкан жок. Консулдуктун өкүлдөрү келип, шайлоо өткөрүштү. Мэрия аны уюштурганга көмөктөштү. Оштогу орус консулдугу расмий кат менен кайрылган. Биз мэриянын жыйындар залын ачып, керектүү эмеректерди коюп, милиция кызматкерлерин бөлүп, коопсуздук жагын карап бердик.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өлкөдө алты добушкана ачылганын расмий кабарлаган. Орусиянын БШКсы чет мамлекеттерде 401 добушкана иштей турганын билдирген.

Сегиз талапкер катышып жаткан Орусиянын президентин шайлоодо Москва убактысы боюнча 14:00гө карата добуш бергендердин саны 34,72 пайызды түздү. (NT)

XS
SM
MD
LG