Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Саакашвилинин тарапташтары Киевде митингге чыгышты


Саакашвилинин тарапташтары Крымдын аннексиясын көрсөткөн сүрөттөр илинген конструкцияларды бузуп жатышат, 18-март.
Саакашвилинин тарапташтары Крымдын аннексиясын көрсөткөн сүрөттөр илинген конструкцияларды бузуп жатышат, 18-март.

Украинанын борбору Киевде оппозициячыл саясатчы Михаил Саакашвилинин тарапташтары митингге чыгып, украин президенти Петро Порошенконун кызматтан кетишин талап кылышты.

Жүздөгөн адамдар Киевдин Эгемендик аянтына чогулуп, Крымдын аннексиясы тууралуу аянттагы көргөзмөнүн бир бөлүгүн жыйнап салышты. Алар бийлик бүгүнкү нааразылык акциясына бөгөт коюу үчүн бул көргөзмөнү уюштурду деп эсептешет.

Эгемендик аянтына бир нече автобус менен полиция кызматкерлери жөнөтүлүп, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бирок полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болгон жок.

3-мартта Киевдин полициясы мурдагы грузин президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилинин тарапташтарынын лагерин бузуп, 100дөн ашык кишини кармап кеткен. Саакашвилинин тарапташтары сентябрь айынан бери Киевдеги бул лагерде чатырларды тигип, президент Порошенконун кызматтан кетишин талап кылып жатышкан.

50 жаштагы Саакашвили февралда Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Андан ары Голландияга барып, ошол жакта жашоого уруксат алган.

XS
SM
MD
LG