Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Навальный Собчактын кызматташуу сунушун четке какты


Ксения Собчак
Ксения Собчак

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный президенттикке талапкер Ксения Собчактын чогуу иш алып баруу тууралуу сунушун четке какты.

Бүгүн Собчак Навальныйдын интернет каналынын түз эфирине катышып, оппозициялык активисттин шайлоого катыша албай калганын акыйкатсыз чечим болгонун айтып, ага чогуу кызматташууну сунуштады. Навальный андан баш тартып, Ксения Собчакты "эки жүздүүлүк кылды жана өзүн шайлоого катыштырбоо аракетин көмөктөштү" деп айыптады.

Ал тележурналистти "Путиндин куралы" деп атады. Навальный бул шайлоону президент Владимир Путинди "дайындоо" катары мүнөздөп, орусиялыктарды добуш бербөөгө чакырган.

Президенттикке талапкер Ксения Собчак бүгүн Москвада добуш бергенден кийин элди шайлоого катышууга үндөгөн.

"Шайлоого катышыш керек. Эреже бузуу болобу, мыйзам бузуу болобу, баары бир шайлоого келип добуш бериш керек. Эгерде бүгүн Путин көп добуш алса, бул шайлоого бойкот жарыялагандардын жана шайлоого келбегендердин добушун алганы болот. Путин канчалык көп пайыз добуш алган болсо, 19-марттан тарта ошончолук катуу система болот",-деп билдирген Собчак.

Бул жолу президенттикке сегиз адам талапкерлигин койгон. Талапкерлер арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар. Анда президент Владимир Путин 70 пайыздык көрсөткүч менен жеңип чыгат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG