Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Орусияда Владимир Путин 76,41% добуш менен алдыга чыкты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка караганда, ушул убакка чейин 90% протоколдордун түп нускасы текшерилип бүттү.

"Анын жыйынтыгында, Владимир Путин 76,41% добуш алып алдыга чыкты" деп жазат “Интерфакс” агенттиги. Экинчи орунда 12,05% менен Коммунисттик партиядан Павел Грудин турат. Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновскийге шайлоочулардын 5,85%, тележурналист Ксения Собчакка 1,59 пайызы добуш берген. Калган төрт талапкер бир пайызга жетпеген добуш топтогон.

Путин буга чейинки шайлоолордон кыйла көп добуш алды. Ал 2000-жылы 53% жетпеген добуш алса, 2004-2012-жылдагы президенттик шайлоолордо добуштардын 71% ашыгына ээ болгон.

Шайлоо аяктагандан кийин ал өз штабында сөз сүйлөп, азырынча эч кандай конституциялык реформаларды жүргүзүү боюнча планы жок экенин билдирди. Премьер-министр тууралуу берилген суроого жооп берип жатып бул жөнүндө ойлоно баштай тургандыгын айтты. Путин бардык билдирүүлөр президенттикке расмий киришкен соң, инаугурациядан кийин болорун кошумчалады.

Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал жана анын кызы Юлиянын кайгылуу тагдыры тууралуу суроого жооп берип Путин:

- Бул болбогон кеп, нонсенс. Орусияда кимдир-бирөө шайлоонун жана футбол боюнча дүйнө чемпионаттын алдында андай ишти жасабайт. Бул ойго келбеген нерсе, - деди.

Скрипал кызы экөө 4-март күнү Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган. Лондон бул үчүн расмий Москваны айыптап, Орусиянын 23 дипломатын Британиядан чыгара турганын билдирген.

Ал эми талапкер Павел Грудинин жекшембидеги добуш берүүнү "ыплас шайлоо" деп атады. Шайлоого катыша албай калган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын командасы элдин катышы расмий айтылгандан кеминде беш пайызга аз экенин кабарлап жатат.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 60% добуш бергенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG