Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Ооганстанда кырылган ИМ жоочуларынын арасында жети өзбек жараны бар


Ооганстандын түндүк-батышында жайгашкан Жаузжан провинциясындагы аба соккуларынан «Ислам мамлекети» тобунун 35 жоочусу өлтүрүлдү.

Жергиликтүү ЖМКлар «Шохин» деп аталган ооган улуттук армиясынын маалыматына таянып, дагы 13 жоочу туткунга алынганын жазышты.

Маалыматка караганда, өлтүрүлгөн согушкерлердин арасында Өзбекстандын жети жараны да болгон.

Өткөн ишембиде жоочулардын Жаузжандагы позицияларына карата Дарзаб жана Коштепа уездеринин аймактарынан төрт жолу абадан соккусу урулган.

XS
SM
MD
LG