Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

“Адал” товардык белгисин киргизүү маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте “адал” товардык белгисин киргизүү маселеси талкууланат. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, тегерек үстөлгө сертификат берүү кызматынын, бизнес чөйрөсүнүн, дыйкан чарбалардын жана өндүрүшчүлөр, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Экономика министрлиги 2017-жылы “адал” товардык белгисин киргизүү долбоорун коомдук талкууга койгон. Ага ылайык, товарга “адал” сертификатын Стандартизация борборунан белгиленген акыны төлөп алса болот. Өндүрүмгө “адал” стандартын алуу компаниянын өз каалоосу менен жүргүзүлөт.

Өкмөт эт өндүрүмүнө бардык тараптан тийиштүү көзөмөл жүргүзүү зарыл экенин эске алуу менен “адал” өндүрүмү жана кызматтары секторун текшериш үчүн бирдиктүү концепция иштеп чыккан. Анын негизинде Экономика министрлиги токтом долбоорун даярдаган.

"Адал" деген белгиде өндүрүлгөн азык-түлүккө коомчулук ар кыл көз карашта. Акыркы учурларда ушундай белгиси бар мейманканалар жана туристтик фирмалар да пайда болду. Кыргызстанда учурда товарга “адал” белгисин берген жеке менчик компаниялар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG