Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Башар Асад Чыгыш Гутадагы аскерлер менен жолукту


18-мартта Сириянын президенти Башар Асад Чыгыш Гутага барып, аскерлер менен жолукту. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалы кабарлады.

Телеканалдын эфириндеги жана Асаддын "Telegram" мессенжерине жайгаштырылган кадрлардан Сирия лидери аскер формасын кийген көптөгөн адамдын курчоосунда турганын көрүүгө болот. Алардын айрымдары танктарда отурушат. "Telegramдагы" сүрөттөргө «Президент Асад Сириянын араб армиясынын баатырлары менен Чыгыш Гутада» деген жазуулар түшүрүлгөн.

Акыркы жумаларда өкмөттүк күчтөр 2012-жылдан бери куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө турган Чыгыш Гутага чабуул коюуда. Сириянын адам укуктарына көз салуу борборунун маалыматы боюнча, Асаддын аскерлери андагы каршылаштарын сүрүп чыгарып, аймактын 80 пайызын ээледи.

Батыш өлкөлөрү менен БУУ Сирияны жана Орусия баш болгон анын башка өнөктөштөрүн андагы согушту токтотууга чакырып келет. Уюмдун баш катчысы Антониу Гуттереш аймактагы көрүнүштү «жердеги тозок» деп сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG