Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

"Ош пирим" телеканалы "Prime TV" болуп өзгөрдү


"Prime TV" телеканалынын логотиби.
"Prime TV" телеканалынын логотиби.

Буга чейин "Ош пирим" деген аталышта иштеген телеканал 19-марттан тартып "Prime TV" болуп эфирге чыга баштады. Бул тууралуу каналдын Бишкектеги башкы кеңсесинин жетекчиси Назира Ахмедова “Азаттыкка” кабарлады.

- Кыргызстанда телеканалдар санариптик берүүлөргө өткөндөн кийин “Ош пирим” телеканалы да республика боюнча өзүнүн берүүлөрүн көрсөтүп жаткан. Эми ал ребрендинг болуп, мазмунун өзгөртүп, жаңы контент кошуп, атын да өзгөртүп, бүт республикага чыгалы деп чечтик.

Ахмедованын айтымында, "Prime TV" маалыматтык-көңүл ачуучу канал болот. Негизинен кыргыздын улуттук маданиятына, тилине басым коюлат. Каналда азыр 70 киши иштейт.

Канал беш жыл мурун Ошто түптөлүп, алгач "ЭкоТВ", андан соң "Ош пирим" деп аталган. Башкы директору Мариф Парпиназаров.

Телеканалга Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов ээлик кылаары айтылат. Назира Ахмедова медиа уюмдун негиздөөчүсү депутаттын атасы Бердибай Примов экенин бышыктады.

Кыргызстанда Юстиция министрлигинен миңден ашуун жалпыга маалымдоо каражаты каттоодон өткөн. Анын 20дан ашыгы телеканалдар.

Кыргызстанда аналог сигналдары былтыр 15-майда толугу менен токтотулуп, өлкө санарипке өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG