Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Орусия күнөөлөгөн украин учкучу өзүн атып салды


Су-25 учагы. Волошин ушундай учакты башкарган. Сүрөттүн анын окуясына тиешеси жок.
Су-25 учагы. Волошин ушундай учакты башкарган. Сүрөттүн анын окуясына тиешеси жок.

Украинанын чыгышындагы аскердик аракеттерге катышкан 29 жаштагы учкуч Владислав Волошин өзүн атып салды.

Жергиликтүү басылмалардын кабарына ылайык, эки айдан ашуун убакыттан бери Миколаив шаарындагы эл аралык аэропортту башкарып келаткан Волошин 18-мартта өз үйүндө жанынан аша кечкен. Жакындары аны "Тез жардамда" ооруканага алып баратканда көз жумган.

Күбөлөр соңку күндөрү Волошин маанайы чөгүңкү абалда жүргөнүн айтышкан.

2014-жылы декабрда Орусиянын Тергөө комитети Су-25 аскердик учагынын учкучу, капитан Владислав Волошинди Малайзияга тийиштүү жүргүнчү ташыган учакты "Донбасста атып түшүргөн" деп айыптаган.

Бирок Голландиянын, Австралиянын, Малайзиянын, Белгиянын жана Украинанын өкүлдөрүнөн куралган эл аралык тергөө тобу бул дооматты четке кагып, учакка Орусияга таандык БУК ракета түзүмү менен сокку урулганы тастыкталганын билдирген.

2014-жылдын 17-июлунда "Малайзия аба жолдорунун" МН17 каттамындагы учагы Амстердамдан Куала-Лумпурга жол алган кезде Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн. "Боинг-777" үлгүсүндөгү учакта бараткан 298 адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG