Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Ош менен Жалал-Абадда «Тынчтык кербени» өнөктүгү башталды


Ноокаттагы "Тынчтык кербени" иш-чарасынан тартылган сүрөт. 19-март, 2018-жыл.
Ноокаттагы "Тынчтык кербени" иш-чарасынан тартылган сүрөт. 19-март, 2018-жыл.

Ош жана Жалал-Абад облустарында “Тынчтык кербени” өнөктүгү өтүп жатат. 19-мартта Оштун Ноокат районунда башталган акция эки облустун бир катар аймактарында 31-мартка чейин уланмакчы.

Ноокаттагы саамалыкты “Жаш ниет” коомдук фонду уюштурду. Маданий иш-чарага улуттук каада-салтты жайылтуу, өрнөктүү кишилер менен жолугушуу жана түрдүү спорттук мелдештер камтылган. Ишкерликти, ийгиликти даңазалаган ар кандай багыттагы чатырлар, боз үйлөр тигилип, ынтымакка чакырган көрнөк-жарнактар, сүрөттөр илинди. Кол өнөрчүлөр да жасаган буюмдарын көргөзмөгө коюшту.

“Тынчтык кербени” өнөктүгү эл аралык “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюмунун каржылык көмөгү менен "Жашстан" долбоорунун алкагында уюштурулууда. (SE)

XS
SM
MD
LG