Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:44

Оштун Өзгөн районунда уулангандардын абалы оңоло баштады. Бул тууралуу Өзгөн аймактык ооруканасынын жетекчиси Сатар Жусупов "Азаттыкка" билдирди.

Оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын абалы жакшы болуп, кадимки палатага которулушту. Ал эми Оштогу жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жаткан балдар өз алдынча дем алып калышты.

12-13-14-март күндөрү Өзгөн райондук ооруканасына тамактан ууланган 17 киши кайрылган. Алар ашар кылып иштегенден кийин чогуу тамактанып, үйдө даярдалган салат жегени аныкталган. Арасынан беш баланын абалы оорлоп, Ош облустук жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. (MdN)

XS
SM
MD
LG