Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Бээжинге барды


Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо (солдо) Кытайдын борборуна келген учур. 19-март, 2018-жыл.
Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо (солдо) Кытайдын борборуна келген учур. 19-март, 2018-жыл.

Ли Ён Хо Кытайдын борборуна Швециядан келди.

Корей жарым аралындагы коопсуздук кырдаалы боюнча Стокгольмдо акыркы үч күн ичинде өткөн сүйлөшүүлөр АКШнын президенти Доналд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда сүйлөшүүлөрдү даярдоого жардам бериши мүмкүн.

Швециянын тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө “министрлер тынчтык чечимге жетиш үчүн уланып жаткан дипломатиялык аракеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана көйгөйлөрүн, эки тараптуу алака-катышты талкуулашты. Швеция Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларына ылайык, өзөктүк программасы менен ракеталарынан баш тартышы зарыл экенин баса белгиледи” деп айтылды.

Түндүк Корея менен өтүшү мүмкүн болгон саммитти өткөн жума күнү Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Салливан Жапониянын тышкы иштер министри Таро Коно жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Кан Гён Хва менен талкуулады.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан тирешти жөнгө салыш үчүн өлкө лидерлеринин жолугушуу ниети Вашингтондон да, Пхеньяндан да айтылган менен саммит качан жана кайсы жерде болоору азырынча белгисиз.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы экономикалык санкцияларын акыркы ирет былтыр декабрда күчөткөн. Анда бери Түндүк Кореяга каршы АКШ да өз тарабынан бир нече айлампа менен санкция киргизди. (UE)

XS
SM
MD
LG