Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Путинди Батыштан башкалары куттуктап жатышат


Путин Москвадагы шайлоо штабында. 18-март, 2018-жыл.
Путин Москвадагы шайлоо штабында. 18-март, 2018-жыл.

Кремл Орусиянын президентин шайлоодогу жеңиши менен Кытай, Жапония, Куба, Боливия, Венесуэла, Сербия, КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Казакстандын, Беларустун, Кыргызстандын лидерлери куттуктаганын кабарлады.

Ал эми Путинди куттуктаганы тууралуу АКШ менен Евробиримдиктин бир да өлкөсү азырынча расмий маалымдай элек.

Германиядан канцлер Ангела Меркелдин өкүлү Штеффен Зейберт куттуктоо телеграмасы “жакын арада” жөнөтүлөрүн кабарлап, бирок расмий Берлин Орусиянын Сирия, Украина боюнча саясатын сындап келе жатканына көңүл бурду.

Орусия БШКсынын төрайымы Элла Панфилованын бүгүнкү жарыясына караганда, бюллетендердин 99,8% саналгандан кийин Путинге добуштардын 76,7% берилгени аныкталды. Бул - анын буга чейинки үч шайлоодон алгандарынан да жогору көрсөткүч.

Добуш берүүгө болсо, расмий эсепте, калктын 67,47% же 73,36 миллион киши катышкан. Компартиянын талапкери, 12% жакын добуш менен экинчи орун алган Павел Грудинин Орусиянын 18-марттагы саясий өнөктүгүн “КМШ аймагындагы эң ыплас шайлоо” деп мүнөздөдү.

Коңшулаш Украинанын президенти Петро Порошенко болсо анексияланган Крымдагы шайлоонун жыйынтыгын “фальсифакция” деп атады.

18- марттагы президенттик шайлоого сегиз талапкер катышты. Путинди сындап жүргөн оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный шайлоого киргизилген эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG