Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Ботаникалык бактагы өрт өчүрүлдү


Ботаникалык бакта былтыр сегиз жолу өрт чыккан.
Ботаникалык бакта былтыр сегиз жолу өрт чыккан.

Ботаникалык бакта башталган өрт өчүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” кабарлады.

- С. Каралаев көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын аймагында чыккан түтүн, саат 19.21де толук өчүрүлдү. Ачык өрт болгон жок. Түтүн тууралуу маалымат саат 18:37 түшүп, ага 1 бөлүм тартылган.

Интернетте ботаникалык бактын аймагы алоолонуп күйүп жаткан видео тарады. Бактын канча аянты күйгөнү жана анын себеби айтылган жок.

Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан Ботаникалык бак тарыхый, маданий жана архитектуралык эстеликтердин тизмесине кирип, мамлекеттик коргоого алынган.

1938-жылы түптөлгөн бул бакта бак-дарактардын, бадалдардын, гүлдөрдүн, дары чөптөрдүн 5,5 миңден ашык түрү бар.

Акыркы жылдары бакчанын абалына карата көп сын айтылып, аны коомдук уюмдардын карамагына өткөрүү боюнча демилгелер көтөрүлүп келатат.

Ботаникалык бакта буга чейин да бир нече жолу өрт чыгып, бир топ гектар жерде чөп күйүп кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG