Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Өзбекстанда укук коргоочу активист сегиз жылдан соң абактан чыкты


Гайбулло Жалилов. Архивдик сүрөт.
Гайбулло Жалилов. Архивдик сүрөт.

Гайбулло Жалилов түрмөдөн чыкканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна анын жакын туугандары кабарлашты.

Алардын айтымында, Өзбекстанда катталбаган “Адам укуктары коомунун” мүчөсү, 51 жаштагы Жалилов абактан 16-мартта бошотулган, учурда Кашкадарыя облусунда жайгашкан кыштактагы үйүндө жүрөт.

Укук коргоочу 2009-жылы камакка алынып, кийин Карши шаарынын аэропортуна террордук кол салуу мерчемдеген деген айып менен 13 жылга кесилген.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уочт" уюму Жалиловдун соттолушун айыптап, далилдер жасалма экенин, ага тагылган кылмыштын саясий жүйөсү бардыгын белгилеген. Туугандары ал абакта такай кыйноого алынганын билдирип жүрүшкөн.

Өзбекстандын азыркы президенти, 2016-жылы сентябрда бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин авторитардык көзөмөлдү акырындык менен азайтуудай көрүнгөн саясатынын алкагында саясий айыпкерлерди абактан чыгарууда. (UE)

XS
SM
MD
LG