Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

АКШда айдоочусуз автоунаананы сыноо маалында жөө жүргүнчү мерт болду


Uber компаниясы адам өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин АКШнын бардык шаарларында өзү жүргөн автоунааларын сыноону токтотту. Дүйшөмбүдө Аризона штатынын Темпе калаасында дал ушундай машина жолдо бараткан аялды сүзүп кеткен.

Компания окуяны иликтөөдө штат бийлиги менен кызматташып жатканын билдирди. Бир жыл мурун Volvo үлгүсүндөгү жол тандабас Аризонада аласалып кеткенден кийин дагы Uber робот-унааларын сыноону токтотконун жарыялаган.

Компаниянын башчысы Дара Хосроушахи трагедиялуу окуяга кайгырып жатканын маалымдады.

Башка компаниялар иштеп чыккан өзү жүргөн автоунаалар дагы мурда жол кырсыгына кабылган. Google корпорациясына таандык машина 2016-жылы автобус менен кагылышкан, бирок жабыркагандар болгон эмес.

Apple жана Tesla сыяктуу бир катар компаниялар айдоочусу жок жүргөн автоунааларды иштеп чыгуу аракетинде.

XS
SM
MD
LG