Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:47

ЕККУ: Орусиядагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар тобу бүгүн Москвадан ушундай корутундусун жарыялашты.

“Жыйналуу, биригүү, ой-пикир билдирүү боюнча негизги укуктардын чектелиши саясий карым-катыштын мейкиндигин тарытты, бул чыныгы атаандаштыкты жок кылды, - деди ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын башчысы жана атайын координатору Майкл Жорж Линк.

Орусиянын БШКсынын төрайымы Элла Памфилова билдиргендей, бюллетендердин 99,8% саналгандан кийин президент Владимир Путинге добуштардын 76,7% берилгени аныкталды. Бул Путиндин буга чейинки үч шайлоодон алгандарынан да жогору көрсөткүч.

Добуш берүүгө расмий эсеп боюнча калктын 67,47% же 73,36 миллион киши катышкан. Компартиянын талапкери, 12% жакын добуш менен экинчи орун алган Павел Грудинин Орусиянын 18-марттагы саясий өнөктүгүн “КМШ аймагындагы эң ыплас шайлоо” деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG