Бишкектин жогору жагындагы “Манас айылы” маданий этнокомплекси Бишкек мэриясынын карамагына өтөт.
Учурда бул багытта иштер жүрүп жатканын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, этнокомплексти оңдоп-түзөө үчүн инвестор табыла элек.
- Демөөрчү, инвесторлорду издеп жатабыз. Кол өнөрчүлөр бизге берсеңер оңдоп, шаарча кылып алалы деп демилге көтөрүп жатышат. Бирок алар канчалык деңгээлде жасай алат, финансылык мүмкүнчүлүктөрү жетеби деген маселелер каралууда.
Жаманкулов “Манас айылы” мэриянын карамагына өткөндөн кийин инвесторлорду издөөгө министрлик көмөктөшө турганын кошумчалады.
“Манас айылы” комплекси Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы курулган. Акыркы жолу 2010-жылы ремонттон өткөн. Учурда андагы курулуштар эскирип, каралбай калган.
Буга чейин Туризм департаменти ар кандай улуттук-интеллектуалдык оюндар ойноло турган, кыргыздын маданий элементтерин чагылдырган борбор кылып оңдоп-түзөө үчүн инвестор издеп жатканын билдирген. (КЕ)