Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

Аялдарга ажылык сапарга жалгыз барууга уруксат берилди


Бишкек, 5-ноябрь, 2013-жыл.

Быйыл биринчи жолу жалгыз бой, балдары жок же жесир аялдарга эч кимдин коштоосу жок ажылык сапарга барууга уруксат берилди.

Бул тууралуу муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдош Абдылдаев “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Апалардын суранычы менен күйөөсү жок, турмушка чыкпаган, жесир, балдары жок жана өмүрүндө биринчи жолу ажылыкка кетип жаткан жыйырмадай аялга гана уруксат берилди. Бул шартка туура келбегендерге уруксат берилген жок.

Кыргызстанда соңку жылдары ажылык сапарга барууга кызыккан аялдар көбөйүп баратат. Алардын жаш курагы 35-60тын тегерегинде. Буга чейин аялдар күйөөсүнүн, баласынын же тууганынын коштоосу менен гана ажыга барып келишкен.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй баштайт. Быйылкы ажылык сапардын баасы 2890 долларга бааланганын муфтият кабарлады. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG