Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Уулунун өлүмүнө шектүү тургундун иши кайра тергелет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто “баласын сабап өлтүрдү” деп шектелген тургунга карата козголгон кылмыш иши кайра каралат. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ош шаардык прокуратурасы калаа сотунун бул ишти токтотуу тууралуу токтомуна карата кассациялык арыз жолдоду.

Башкы көзөмөл органы окуя 2017-жылдын 29-ноябрында Ош шаарында болгонун, милицияга жана “Тез жардам” кызматына 12 жаштагы баланын сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөнүн, кийин анын өлүмүнө шектүү катары өз атасы кармалганын билдирүүдө. Шектүү тургун уулу мектептен жакшы окубай, ошол күнү үйгө кеч кайтканы үчүн сабалганын милицияга айтып берген.

Ош шаардык милициясы Кылмыш кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап залака келтирүү) боюнча иш козгогон. Бирок быйыл 2-февралда Ош шаардык сотунун токтому менен шектүү адам жоопкерчиликтен бошотулуп, иш жабылган.

8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, күч, сот жана прокуратура органдарынын ишин кескин сынга алган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG