Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Экономикага 800 миллион сомдук зыян келтирген түйүн аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирген кызмат адамдарынан турган коррупциялык түйүн аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Канат Султановдун айтымында, Бишкек шаарынын прокуратурасы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен бирге текшерүү жүргүзүлгөн:

- Анын натыйжасында “мамлекеттик салык жана бажы тармагында жооптуу кызматтарды ээлеген адамдардын жеке коммерциялык структуралардын жетекчилери менен туруктуу коррупциялык байланышы” аныкталды.

Тагыраак айтканда, Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча өкмөткө караштуу комиссия 2016-2018-жылдары жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барган деп шектелүүдө. Бул аралыкта мамлекетке 847 миллион сомдук зыян келтирилген.

Козголгон кылмыш иштери иликтөө жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG