Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облус жетекчилери жолугушту. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, эки жетекчинин жолугушуусуна район акимдери да катышты. Соода-сатык, маданий кызматташтык жана ишкерлердин байланышын жандантуу макулдашуулары болуп, айыл чарабасы менен алектенгендердин тажрыйба алмашуусун колго алуу тууралуу да айтылды.
“Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев менен Өзбекстандын Фергана облус акими Шухрат Гониев чек аралаш аймактарда жергиликтүү бийлик башчыларынын мындан ары тыгыз кызматташуусуна шарт жаратып, иш мерчемдер бекитилди” деп билдирди Баткен бийлигинин маалымат кызматы.
2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Вадил жана Кадамжай чек аралары ачылган. Бул иш-чара салтанат менен коштолуп, Баткен жана Фергана облустарынын башчылары жолугушкан. Баткен облусу Өзбекстандын 3,7 млн калкы бар Фергана облусу менен чектешет. Аймакта эки өлкөнүн 4 авто жол жана 1 темир жол чек ара бекети бар. (JsA)