Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Түштүк Корея менен АКШ биргелешкен аскердик машыгууларын башташат


Түштүк Кореялык аскер Вашингтон менен Сеулдун буга чейинки биргелешкен машыгууларында. 22-август, 2016-жыл.
Түштүк Кореялык аскер Вашингтон менен Сеулдун буга чейинки биргелешкен машыгууларында. 22-август, 2016-жыл.

Кошмо Штаттар жана Түштүк Корея 1-апрелде биргелешкен аскердик машыгууларды башташат. Пхёнчхаңдагы кышкы Олимпиада оюндарына байланыштуу убактылуу токтотулган машыгуулар жандандырылаарын эки өлкөнүн коргоо министрлери 20-мартта жарыялашты. Ага жалпысынан 12 миңдей америкалык жана 300 миңдей кореялык аскерлер катыша тургандыгы маалым болду.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис жана анын түштүк кореялык кызматташы Сонг Юн Му машыгуулар жана анын коргонуу багытындагы мүдөөсү тууралуу Түндүк Корея кабардар экенин билдиришти.

1-апрелде баштала турган машыгуулар АКШнын президенти Доналд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жаздын аягына боолголонгон жолугушуусун утурлай өтөт. Буга чейин Түштүк Кореядагы аскердик машыгууларды кескин сындап келген Пхеньян бул жолу каршылыгын билдирген эмес.

Түштүк Кореядагы Кошмо Штаттардын базаларында 28 миңдей америкалык аскер жайгашкан.

XS
SM
MD
LG