Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү. Өкмөттүн маалыматына караганда, 19-мартта ага Кыргызстандын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев катышып, тажик премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту.
Расулзода эки мамлекет соода-экономикалык алакаларын өнүктүрүп, бекемдеши керектигин белгиледи.
Кенекеев кыргыз тарап соода-экономикалык жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, бардык тармактар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө шарт түзүүгө даяр экенин белгиледи.
Экономикалык темадан тышкары суу-энергетикалык багыттагы маселелер да талкууланды.
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков быйыл 1-2 февралда Тажикстанда расмий сапарда болгон. Эки президент талкуулаган бирден бир актуалдуу маселе чек араны делимитациялоо болду.
Кыргыз-тажик чек арасында 70тен ашык такталбаган тилке бар. 2015-жылы эки өлкө чек ара сызыгындагы 16 гектар жерди алмашууга жакындап, оозеки макулдашууга жетишкен. (RK)