Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Алайда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, бүгүн саат 11:08де Оштун Алай районунда күчү очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкиниши Кара-Киндик менен Нурада 3 балл, Эркечтам менен Бор-Дөбөдө 2,5 балл болуп сезилди.

2008-жылы Нурада катуу жер титирөө болуп, 75 адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG