Орусия Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы адам укуктары боюнча өткөрүлө турган жыйынга бөгөт койду. Орусиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчисинин орун басары Геннадий Кузьмин "Москва бул жыйынды өткөрүүгө эч кандай негиз көрбөй турганын, анткени адам укуктары Коопсуздук кеңеши карай турган маселе эмес экенин" айтты.
- Бул боюнча Женевада Адам укуктары боюнча кеңеш бар, - деди орусиялык дипломат. Орусияны Кытай, Казакстан жана Боливия колдоду.
Бул жыйынды өткөрүүнү Франция жана Коопсуздук кеңешинин башка алты мүчөсү - Британия, АКШ, Швеция, Польша, Кувейт жана Перу сунуш кылган.
Орусиянын бул кадамын Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хусейн кескин сынга алды.
Соңку апталарда Сириянын президенти Башар Асадга караштуу армия Дамасктан алыс эмес жайгашкан Чыгыш Гута анклавына сокку уруп, курчоого алган. 2012-жылдан бери оппозициячыл козголоңчулардын карамагында турган бул аймакта 370 миңдей жайкын тургун бар. Батыш мамлекеттери жана Улуттар Уюму Сирия өкмөтүн жана ага көмөк көрсөтүп жаткан Орусияны соккуларды токтотууга чакырышкан. Аймакта гуманитардык кризис уланууда.