Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Малы кырылып, өзү каза болгон чабандын өлүмү боюнча иш козголо элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда машина коюп кетип өзү каза болгон жана малы кырылган чабандын өлүмү боюнча кылмыш иши козголо элек. Облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү “Азаттыкка” билдиргендей, кырсыктан көз жумган малчынын жакындары азырынча милицияга арыз жаза элек.

Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында кой айдап бараткан чабанды малы менен кошо сүзгөн айдоочу ооруканада жатат. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

17-марттын кечинде 200 чамалуу коюн айдап бара жаткан чабанды “Деу матиз” үлгүсүндөгү автонунаа сүзүп кеткен. Кырсыктан оор жараат алган малчы ооруканага жетпей каза болгон жана 14 кою, минип жүргөн аты өлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG