Француз полициясы мамлекеттин мурдагы президенти Николя Саркозини кармады. "Рейтер" агенттиги өз булактарына таянып жазганына караганда, экс-президент 2007-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалындагы каржы маселесине байланыштуу кармалды.
"Lе Monde" басылмасынын маалыматына караганда, Саркозинин шайлоо өнөктүгүн ошол кездеги Ливиянын башында турган Муаммар Каддафинин бийлиги каржылашы мүмкүн деген негизде иш 2013-жылдын апрелинде ачылган.
Буга чейин Саркози мындай дооматтарды четке кагып келген.
Франциянын мурдагы президенти 20-мартта бул иш боюнча соттук жыйынга келген маалда кармалган. 48 сааттын ичинде анын бөгөт чарасы аныкталышы керек.
Николя Саркози 2007-2012 жылдары Франциянын президенти болгон. 2012-жылкы шайлоодо ал Социалисттик партиянын талапкери Франсуа Олландга утулуп калган.