Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясында бүгүн кезексиз жыйын пландалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция мүчөсү, депутат Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, күн тартибинде бир гана маселе – Кыргызстан социал-демократтар партиясынын жыйынына даярдык көрүү каралат. «Жыйын дайындалды, бирок биз азыр шайлоочулар менен жолугуп аймактарда иштеп жатабыз», - дейт Касымалиева.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште кабыл алынган токтомго ылайык, 19-23-мартта депутаттар жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүшөт.

Буга чейин маалымдалгандай, КСДПнын жыйыны 31-мартка белгиленген. Анда Алмазбек Атамбаевди партия төрагасы кылып бекитүү маселеси каралат. (BK)

XS
SM
MD
LG