Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

КСДП фракциясынын жабык жыйынына Фарид Ниязов катышууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйыны ушу тапта Ак үйдө жабык өтүп жатат. “Азаттыктын” кабарчылары жеринен билдиргенине караганда, жыйынга президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов да катышууда.

Фракция лидери Иса Өмүркулов депутаттарга бул жыйынга сөзсүз катышуу жөнүндө тапшырма бергени айтылды.

Күн тартиби тууралуу маалымат журналисттерге берилген жок.

Буга чейин "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин төрагасы, КСДПнын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, мамлекет башчынын иниси, КСДП фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшырууга чакырган.

КСДП партиясынын жыйыны 31-мартта болору, анда Алмазбек Атамбаевди партия төрагасы кылып бекитүү маселеси карала тургандыгы айтылууда.

Фарид Ниязов 7-мартта өз арызынын негизинде президенттик аппараттын жетекчисинин кызматынан бошотулган. (UEz)

XS
SM
MD
LG