Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Арменияда оппозициячыл саясатчы он жыл алты айга кесилди


Оппозициячыл активист Жирайр Сефилян Еревандагы сот залында. 2-февраль, 2018-жыл.
Оппозициячыл активист Жирайр Сефилян Еревандагы сот залында. 2-февраль, 2018-жыл.

Армения соту оппозициячыл саясатчы Жирайр Сефилянды он жыл алты айга эркинен ажыратты. 20-мартта чыгарган өкүмгө ылайык, Еревандын райондук соту "Негиздөөчү парламент" радикал оппозициячыл кыймылынын лидери Сефилянды 2016-жылы полиция бөлүмүндөгү куралдуу кол салуу үчүн күнөөлүү деп тапты.

Сефилян менен кошо соттолгон дагы алты киши эки жылдан беш жылга чейин абакка кесилишти.

Сефилян жана анын тарапташтары 2016-жылдын 20-июнунда Ереванда бир катар өкмөттүк имараттарды басып алууну уюштууруну көздөшкөн деген айып менен камакка алынышкан. Мындан көп өтпөй "Сасна-Церера" куралдуу тобунун 30дай мүчөсү Еревандагы полиция бекеттерин басып алып, эки апта кармап турушкан.

Алар Сефиляндын бошотулушун жана ошол кездеги президент Серж Саркисяндын кызматтан кетишин талап кылышкан. Андагы кагылышууларда бир полициячы мерт кетип, дагы бири катуу жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG