Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Кадамжайда “Йакын инкар” уюмунун 13 мүчөсү кармалды


Кадамжайда кармалган "инкарчылар"
Кадамжайда кармалган "инкарчылар"

Кадамжайда “Йакын инкар” уюмунун 13 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Нарын жана Жалал-Абад облустарынан келген бул адамдар Кадамжай районунун аймагында жергиликтүү тургундарды аталган уюмга кошулууга үндөп, мыйзамсыз даават иштерин жүргүзүп жүргөнү аныкталган.

Кылмыш кодексинин 299-беренесинин(Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремистик же террористтик уюмдардын символу же атрибуттарын атайылап колдунуу) негизинде иш козголду.

Кармалгандар Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына камалды.

2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту "Йакын инкар" агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Алар балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорду колдонбоо керек деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет. (MdN)

XS
SM
MD
LG