Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Киров сактагычында суу былтыркыдан 180 миллион куб метрге аз


Киров суу сактагычы.
Киров суу сактагычы.

Таластагы Киров суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 180 миллион куб метрге аз болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» мекеменин бөлүм башчысы Улан Чотонов билдирди.

Ал түзүлгөн жагдайдан эч ким жабыркабасын, суунун аздыгы күз мезгилиндеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин айтты:

- Бүгүнкү күндө 320 миллион куб метр суу бар. 1-апрелге чейин 340 миллионго жетет деп болжолдонууда. Былтыр 500 миллион болчу. Күзүндө ремонт иштери жүрүп, ноябрда сууну коё берүүгө мажбур болдук.

Жалпысынан 2660 гектар жерди ээлеген Киров суу сактагычына 550 миллион куб метр суу батат. Ал Таластын Манас районунун 15 айыл-кыштагын жана Казакстандын Жамбыл облусунун айдоо жерлерин сугарууга колдонулат. Тагыраагы, Манас району суунун 20, ал эми Казакстан 80 пайызын колдонот. (AlS)

XS
SM
MD
LG