Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Жерге-Талдагы кыргыздар үчүн китеп топтолуп жатат


Жерге-Талдын жашоочулары, Тажикстан.
Жерге-Талдын жашоочулары, Тажикстан.

Тажикстандын Лахш (мурдагы Жерге-Тал) аймагында жашаган кыргыздарга окуу-методикалык, көркөм адабий китептер чогултулуп жатат.

Былтыр жазда жер титирөөдө жабыркаган кыргыздарга колдоо көрсөтүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири журналист Жолдош Турдубаевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, жыйналган китептерди май айында дарегине жеткирип берүү пландалды.

- Китептерди дагы иргеп, каражатка жараша эки-үч машина менен жеткирип бергени жатабыз. Биринчи кезекте жалпы мазмундагы математика, физика сыяктуу окуу китептери болушу керек. Ал эми улуттук мазмундагы тарых, география китептерин Тажикстан өткөрбөй коюшу мүмкүн. Илимий-популярдуу басылмалар, сөздүк, энциклопедия, ар кандай тесттерге даярдана турган китептерге маани берилип жатат. Китептен сырткары окутууга керектүү каражат, компьютер, принтер, проектор сыяктуу каражаттар керек. Жерге-Талдагы ар бир мектепке бир-экиден комуз жана күүлөрдү үйрөнө турган китеп алсакпы деп пландадык эле.

Турдубаевдин айтымында, жыйналган китеп жана башка каражаттар Бишкектеги “Айтумар” окуу борборуна жеткирилип жатат.

Тажикстанда Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда негизинен кыргыздар жашайт. Мындан сырткары Баткенге чектеш Согди облусунда да кыргыздар көп жашаган бир канча айыл-кыштак бар. 2017-жылы 3-майда, кийин дагы бир нече жолу кайталанган жер титирөөдө Лахш өрөөнүндөгү беш кыштакта үйлөр талкаланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG