Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Нооруз майрамына карата дипломатиялык жармаңке өтөт


Нооруз, 2017-жыл.
Нооруз, 2017-жыл.

21-март - Нооруз күнү Бишкекте чет өлкөлүк элчиликтердин кызматкерлери менен чогуу уюштурулган дипломатиялык жармаңке өтөт.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул майрамдык иш-чарага 20дан ашуун элчилик менен өкүлчүлүктүн өкүлдөрү катышып, улуттук тамак-ашын, кол өнөрчүлүгүн, дизайнердик буюмдарын тартуулашат. Улуттук чыгармачыл жамааттардын концерти да өтөт.

Кайрымдуулук иш-чарасы ар бир улуттун маданий өзгөчөлүктөрүн гана тартуулабастан, социалдык максатты да көздөйт. Себеби, жармаңке учурунда түшкөн каражат Кыргызстандагы социалдык мекемелерге жардам иретинде өткөрүлүп берилет.

Негизинен Бишкектеги майрамдык иш-чаралар Ала-Тоо аянтында расмий ачылып, бир катар маданий, спорттук иш-чаралар өтөт. Быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып, бардык райондор, жаңы конуштарда элдин маанайын көтөрүүгө көңүл бөлүнгөнүн Бишкек шаардык мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев билдирди.

Бишкек шаардык мэриясы Нооруз майрамын өткөрүүгө 1 миллион 100 миң сомдой акча короторун билдирген.

Ноорузга карата Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык, спорттук иш-чаралар даярдалууда. Түркиядан башка чет мамлекеттердеги мекендештер да чогулуп, жөрөлгөлөрдү өткөрүп жатышат. Кыргызстанда Нооруз майрамы расмий түрдө биринчи жолу 1989-жылы 21-мартта Фрунзе шаарында белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG