Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

Нооруз-2018: Улуттук оюндар боюнча мелдештер бүгүн жыйынтыкталат


Көкбөрү.
Көкбөрү.

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата республикалык маанидеги улуттук оюндардын жыйынтыктоочу мелдештери өтөт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигик билдиргендей, республикалык мелдештер Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында 15-марттан бери өттү.

Жалал-Абад шаарындагы ат майданда көкбөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун боюнча, Бишкек шаарындагы "Ак-Кула" ат майданында көкбөрү, ат чабыш жана эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданындагы башкы мелдеш саналган көкбөрү боюнча мелдештин финалында Оштун “Достук” жана Таластын “Ынтымак” командалары беттешет.

Финалдык оюн саат 14:00дө башталат. Ага чейин 3-орун үчүн Чүйдүн “Арашан” жана Сокулуктун “Биримдик-Аю” командалары таймашат.

Нооруз майрамына арналган улуттук оюндар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

Дирекциянын бюджетинен 2 миллион 890 миң сом каралган, анын ичинен 1 миллион 250 миң сом байге фондун түзөт. Андан сырткары демөөрчүлөр тарабынан дагы акчалай байгелер берилет. (ECh)

XS
SM
MD
LG