Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 17:19

Трамп менен Путин телефондон сүйлөштү


АКШ президенти Доналд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин Вьетнамдагы АПЕК форумунда. 11-ноябрь, 2017-жыл.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, АКШ президенти Доналд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен шайлоодон эки күн өткөн соң телефондон сүйлөштү.

Трамптын администрациясы эки президент телефон аркылуу 20-мартта сүйлөшкөнүн гана билдирип, анын чоо-жайына токтолгон жок. Кремл болсо Трамп Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын маалымдады.

Ошондой эле Кремл эки лидер экономикалык кызматташууну күчтөндүрүүгө кызыкдар экенин көрсөтүшүп, Корей жарым аралындагы чыңалууну дипломатиялык жол менен жайгаруу зарыл экенин белгилешкенин кабарлады. Андан тышкары Трамп менен Путин Украина жана Сириядагы кырдаалды да талкуулашканы маалым болду.

18-мартта өткөн шайлоодо Владимир Путин добуштардын 76,7% алып, жеңип чыккан.

Төртүнчү мөөнөткө шайланган 65 жаштагы Путин буга чейинки шайлоолордон кыйла көп добуш топтоду. Ал 2000-жылы 53% жетпеген добуш алса, 2004- жана 2012-жылдагы президенттик шайлоолордо добуштардын 71% ашыгыраагына ээ болгон.

XS
SM
MD
LG