Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Жээнбеков: Гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу мамлекет курабыз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды бүгүнкү Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Нооруз эгемен Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдап, биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин кайтарымын арттырсын!” деген президент быйыл да өлкөнү өнүктүрүү боюнча алдыга чоң максаттар коюлуп, келечекке багытталган кадамдар жасалып жатканын белгиледи.

Ошону менен катар Жээнбеков: “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Кыргызстандын көп улуттуу эли көздөгөн максатыбызга жетебиз, кийинки урпактарыбыз сыймыктангыдай – гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу мамлекет курабыз” деген каалоо-тилегин айтты.

XS
SM
MD
LG