ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Исаков: Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек

II Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Ысык-Көл, 2016-жыл.
II Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Ысык-Көл, 2016-жыл.

Кезектеги Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөрүлүшү керек. Мындай талап шаршемби күнү өкмөттө өткөн жыйында коюлду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынды премьер-министр Сапар Исаков алып барды.

«Жалпы уюштуруу жагын гана иштеп чыкпастан, бардык техникалык маселелерди, мурдагы оюндардын тажрыйбасын эске алыш керек. Бизде бул үчүн масштабдуу иш базасы бар», – деп белгиледи ал.

Быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. (RK)

​
XS
SM
MD
LG