Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Тышы иштер министрлиги чет өлкөлүк элчиликтер менен чогуу уюштурган дипломатиялык жармаңке өтүп жатат.
Кыргызстандын башкы дипломатиялык мекемеси демилге көтөргөн бул майрамдык иш-чарага 20дан ашуун элчилик менен өкүлчүлүктүн өкүлдөрү катышып, өз улуттук тамак-ашын, кол өнөрчүлүгүн, дизайнердик буюмдарын тартуулап жатышат. Улуттук чыгармачыл жамааттардын концерти да өттү.
Иш-чарага өкмөт башчы Сапар Исаков, шаар мэри Албек Ибраимов барып катышты.
Бул кайрымдуулук иш-чарасы ар бир улуттун маданий өзгөчөлүктөрүн гана тартуулабастан, социалдык максатты да көздөйт. Себеби жармаңке учурунда түшкөн каражат Кыргызстандагы социалдык мекемелерине жардам иретинде өткөрүлүп берилет.